Жапаров:Ташиевдин «75 адамдын катына» тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктайт
5
Президент Садыр Жапаров февраль айындагы саясий кырдаалга жана «75 адамдын каты» деп аталган окуяга байланыштуу Kaktus.media сайтына берген маегинде комментарий берди. Ал документтин Жогорку Кеңештеги жүрүшүнөн башынан эле кабардар экенин жана ага катышкандардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын, бул ага өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк бергенин билдирди.